Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Садыр Жапаровдун ооруганы жөнүндө маалыматтар калп

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 461 | 0

Премьер-министр Садыр Жапаровдун ден соолугу тууралуу айтылып жаткан кабарлар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров учурда иш ордунда экени айтылды.

Бүгүн өкмөт башчынын маалымат катчысы Дастан Дүйшекеевге таянып бир топ маалымат каражаты Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун бүгүнкүгө пландалган жолугушуусу болбой калганын жазышкан. Буга Садыр Жапаровдун өзүн жаман сезип жаткандыгы себеп болгону кабарланган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM