Биз менен байланышыңыз

Казакстанга алтын ташып бараткан кыргызстандык кармалды

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 748 | 0

Кыргызстандан Казакстанга алтын жасалгаларын мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

14-октябрда «Чалдыбар-автожол» көзөмөл өткөрүү жайынан 10 млн 200 миң сомдон ашуун суммадагы, тиешелүү документтери жок жүк кармалган.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кезмети айдоочунун кабинасынан — 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.А. уулуна. таандык 3 кг. 648 гр. алтын жасалгаларын табышкан.

Ювелирдик жасалгалар – сөйкөлөр, шакектер, билериктер, чынжырлар жана кулондор 10 кутучага салынып, отургучтун астына катылган сумканын ичинде болгон. Айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес.

Алдын ала баалоо боюнча товардын жалпы суммасы 10 млн 214 миң 400 сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM