Биз менен байланышыңыз

Медиктердин арасында коронавирус жуктуруп алгандар көбөйүүдө

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 393 | 0

Кыргызстанда 15-октябрга карата 32 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкекте эки, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда сегиз, Талас облусунда алты, Жалал-Абад облусунда 14, Ысык-Көл облусунда бир медик илдетке кабылды.

Ошол эле акыркы суткада ооруканаларда 4, үй карантининен 4 медкызматкер айыкты.

COVID-19 вирусу 3488 медикке жугуп, 3113ү айыгышты.

15-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 50 миң 589ду түздү. Анын 45 миң 80и айыгып , 1099 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM