Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Беш адам каза болуп, 388 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 411 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирустан 5 адам каза тапты. Бишкекте 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2 өлүм учуру катталды. Ушуну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1 миң 99 болду.

15-октябрга карата коронавирустун жаңы 388 учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, Жалал-Абад, Баткен облустарында көп катталууда.

  • Бишкек — 59;
  • Ош — 55;
  • Чүй облусу – 19;
  • Ош облусу — 50;
  • Талас облусу — 16;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу – 19;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу — 83.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 50 миң 589га жетти.

Өлкөдө сутка ичинде 196 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бишкек шаарында – 17, Ош шаарында – 20, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда – 40, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 62, Баткен облусунда – 32 бейтап айыкты.

Учурда коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 45 миң 80 адамга жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM