Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бишкекте абал туруктуу

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 389 | 0

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын аймагы толугу менен көзөмөлдө экенин билдирет. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, өзгөчө абал режими менен коменданттык саат киргизилген Бишкектин аймагындагы коомдук коопсуздук комендатуранын, күч түзүмдөрүнүн жана ыктыярдуу элдик кошуундардын көзөмөлүндө.

Кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер болсо «102» кызматына кайрылууга болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына 12-октябрдан 19-октябрга чейин өзгөчө абал киргизген. Анын убактысы кечки саат 22.00дөн таңкы 05.00гө чейин болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM