Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Кумтөрдү мамлекет үчүн иштетүүгө аракет кылам

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 649 | 0

«Кумтөр» жүз пайыз мамлекет үчүн иштейт, мен буга бардык күч-аракетимди жумшайм. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы жыйынында премьер-министрлик кызматка шайланган Садыр Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Кумтөр» маселеси боюнча эл өкүлү Бактыбек Турусбеков суроо берди.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында «Кумтөр» кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин айткан.

Парламент бүгүн өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн программасы, түзүмү, курамын талкуулап, бекитип берди. Жапаров премьер-министр болуп шайланды. Бул чечим президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM