Биз менен байланышыңыз

Парламенттеги көпчүлүк коалиция Садыр Жапаровдун өкмөтүн бекитти

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 585 | 0

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитип берди. Депутаттардын жыйыны мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтүүдө.

Эми бул чечим жалпы жыйында каралат. Бүгүнкү жыйынга 83 депутат катышып жатат, сегиз эл өкүлү ишеним кат жазып берген.

10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, анда Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлаган. Андан кийин «Өкмөттүн түзүмүн, курамын, программасын бекитүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтому президентке жөнөтүлгөн.

Бирок 13-октябрь күнү президент Жогорку Кеңештин токтомун кайра артка кайтарган.

Copyright © 2017 Maral FM