Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 362 | 0

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлагандай, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча сот өкүмүнүн негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ошол эле учурда сот органдары тарабынан 2019-жылы болгон Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралууда.

6-октябрга караган түнү Бишкекте өткөн башаламандыктар учурунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясына карата кысым болуп, бир канча адамдын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Бул факты боюнча мекемелер аралык комиссия сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө ишин жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM