Биз менен байланышыңыз

20 мектепке «Илимбокс» зымсыз интернети орнотулат

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 512 | 0

Алыскы аймактарда жайгашкан, кабелдик интернет жеткирүүгө мүмкүн болбогон 20 мектепке «Илимбокс» жабдыгы орнотулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

«Илимбокс» жабдыгы Wi-Fi байланышын тарата алат жана жабдыктын ичинде министрликтин бардык билим берүү ресурстары жайгаштырылган. Мисалы, ошол эле электрондук китепкана, электрондук окуу китептери, окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан 7 предмет боюнча программалык-методикалык комплекси, 5-9-класстардын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиалык комплекси жана «Википедиянын» офлайн версиясы, Хан Академиясынын билим берүү ресурстары, Электрондук энциклопедия жайгаштырылган.

Окуучулар, мугалимдер өздөрүнүн телефон же ноутбуктарына «Илимбокстогу» билим берүү ресурстарын жүктөп алып, же ошол порталда окуса болот. Ал үчүн окуучу Wi-Fi сетке туташып, браузерге ilim.box дарегин жазуусу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM