Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Пансионаттарды рейдерлик жол менен басып алууну токтотуу керек

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 892 | 0

Премьер-министр Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү туризм тармагындагы ишканалардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбеков Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын, санаторийлердин жана пансионаттардын сакталышын камсыздоо боюнча чараларды кабыл алышы керек.

«Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пансионаттардын ээлерине белгисиз жарандар келип, акча каражаттарын опузалоо аркылуу алып жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Макул болбогон учурда, пансионаттарды өрттөп, адамдын денесине залал келтирүү болгондугу айтылат. Мындай окуялар токтотулушу керек. Курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт», — деп белгиледи Жапаров.

Садыр Жапаров түзүлгөн кырдаалды кыска мөөнөттө иликтеп чыгуу тапшырмасын койду.

Буга чейин Ысык-Көлдөгү пансионат ээлеринен акча жагынан жардам берүүнү өтүнүп, эгер бербесе пансионатын басып алуу аракеттери болуп жатканы айтылган. Мындай коркутуу каттарын жибергендер өздөрүн элдик кошуундун мүчөлөрү катары тааныштырышкан.

Опубликовано БеспределKG Понедельник, 12 октября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM