Connect with us

Сентябрь айында салык 1 млрд сомго ашык топтолду

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 483 | 0

2020-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгында салык топтоо белгиленген пландан ашык аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Мекеменин маалыматы боюнча, сентябрь айында 7 млрд 64,4 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 117,1 пайызды түзгөн же 1 млрд 31,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 609,5 млн сомго көбөйгөн.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 9 айында 55 млрд 55,2 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM