Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстан чоң саясий жана экономикалык реформалардын алдында турат

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 4458 | 0

Жогорку Кеңеш премьер-министрлик кызматка шайлаган Садыр Жапаров өкмөттүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Анда Жапаров Кыргызстан чоң саясий жана экономикалык реформалардын алдында турганын айтты.

«Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши керек. Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү, бизнести колдоо милдеттери турат. Бул иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылышы керек», — деди Жапаров.


Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы (тизме)


Жыйындын соңунда өкмөт аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди. Алар:

-Күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо;

-Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;

-Бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;

-Донордук уюмдар менен жолугушууларды өткөрүү;

-Социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;

-Салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;

-Коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.

Серепчилер талдайт: Садыр Жапаров иштеп кете алабы?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM