Биз менен байланышыңыз

Президент Бишкектин аймагына кайрадан өзгөчө абал киргизди

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 616 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты жазды.

9-октябрда президенттин атайын жарлыгы менен Бишкектин аймагына өзгөчө абал кирген. Бирок бул чечимди Жогорку Кеңеш үч күн ичинде карашы керек болчу. Парламент бул маселени карабагандыктан, борбор калаанын аймагына кайрадан өзгөчө абал кирди.

-Бишкек шаарынын аймагында 12-октябрь саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 19-октябры саат 07.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет. 

-Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалат. 

-Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлөт.

Бишкектин аймагында бир топ өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөө болуп, алардын кошумча милдеттери аныкталат. Шарттары төмөндөгү шилтемеде: 

Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилди

Copyright © 2017 Maral FM