Биз менен байланышыңыз

Муфтият башкалардын мүлкүнө кол салуу чоң күнөө экенин эскертти

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 221 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөдөгү саясий кырдаал өтө туруксуз жана ашкере курчуп кеткенине тынчсыздануусун билдирип, бардык жарандарды тартипти сактоого чакырды.

«Азыркы учурда кырдаалды турукташтыруу үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүбүз зарыл. Жакындарыбыздын тынчтыгын жана бейпилдигин сактоого чакырабыз. Чагымчылдыкка алдырбоо, кыйроо жолуна алып баруучу караңгы күчтөрдүн жетегине түшпөө керектигин эскертебиз», — деп айтылат кайрылууда.

Муфтият ошондой эле башканын мүлкүн урматтап, талап-тоноону токтотууну суранды.

«Башкалардын мүлкүнө кол салуу чоң күнөө. Куранда: «Бири-бириңердин мүлкүңөрдү мыйзамсыз жебегиле (мыйзамсыз колдонбогула) жана адамдардын мүлкүнүн бир бөлүгүн укуксуз алуу үчүн сотторго пара бербегиле», — деп айтылат. Жер бетинде башаламандыкты жайылтуу, адилетсиздикти орнотуу, башкалардын мүлкүн тартып алуу, адамдарды өлтүрүү — мунун бардыгы арам (тыюу салынган) жана чоң күнөө».

Эгемендүүлүктү сактайлы! Эсибиз барда этегибизди жыйнайлы

Эгемендүүлүктү сактайлы! Эсибиз барда этегибизди жыйнайлы

Опубликовано Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Среда, 7 октября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM