Биз менен байланышыңыз

«Бешинчи каналдын» имаратын басып алуу аракети болду (видео)

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1424 | 0

Бүгүн, 6-октябрда «Бешинчи каналдын» имаратына топтошкон күчтөр барып, мекемени басып алууга аракет кылышты. Бул тууралуу аталган телеканалдын кызматкерлери «Маралга» кабарлады.

Топтолгондордун арасында журналист Болот Абдыжапаров да бар. Ал кызматкерлерден өзүн 5-каналдын башкы директору катары жарыяланышын талап кылган.

«Болот Абдыжапаров жанына 30дай баланы алып келди. Алар «40 чоронун» балдары болушу мүмкүн. Эртең менен келип алышып: «5-каналды басып алууга аракет кылып жатышат, бирок биз силерди коргойбуз. 5-канал элге өттү. Болот Абдыжапаров каналга башкы директор болду деп элге жарыялагыла. Антпесеңер, имаратты талкалап кетет», — деп коркутту. Биз ага макул болбой койдук. Бизге жардам берген ыктыярчылар топтолгондорду алып кетишти», — дейт кабарчылар.

5-каналдын жамааты Болот Абдыжапаровдун жетекчи болушуна бир ооздон каршы экенин билдиришүүдө.

Бүгүн митингчилер «Пирамида» телеканалына да барышкан. Парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясынан талапкер болгон журналист Ильич Кулназаров «Пирамида» каналынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп алган.

Ильич Кулназаров «Пирамидага» жетекчи болуп алды

Опубликовано Kurenkeev Ermek Вторник, 6 октября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM