Биз менен байланышыңыз

Президент шайлоого байкоо салган эл аралык уюм өкүлдөрүнө ыраазы болду

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 209 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда парламенттик шайлоонун өтүшүнө мониторинг кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана ТМККнын эл аралык байкоочуларынын башчылары менен жолугушту.

Мамлекет башчы парламенттик шайлоодо бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ал ошондой эле өкмөт менен БШК шайлоону жакшы уюштурганын, пандемиянын жайылып кетүү коркунучунун алдын алууга тийиштүү чаралар көрүлгөнүн кошумчалады.

«Шайлоого эл аралык байкоочу катары катышкандыгыңыздар үчүн сиздерге чоң ыраазычылык билдирем. Биз муну эл аралык колдоонун көрүнүшү деп эсептейбиз», — деди Жээнбеков.

Эл аралык байкоочулар мамлекет башчысын жана өлкө элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты. Алар шайлоо өткөрүү, ачык-айкындыкты камсыздоо боюнча иштер жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти.

Аны менен катар мыйзам базасын даярдоо, шайлоо участокторун заманбап технологиялар менен жабдуу боюнча уюштуруу иштерине токтолуп, жыйынтыгында шайлоонун ачыктыгын, эркиндигин жана легитимдүүлүгүн тааный турганын маалымдашты.

Жээнбеков шайлоо өткөрүүдө жер-жерлерде болгон айрым бир кемчиликтер ыкчам түрдө жоюлуп турганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM