Биз менен байланышыңыз

Добуш берүү күнү мыйзам бузуулар болсо кайсы номурга чалуу керек?

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 411 | 0

Эртең, 4-октябрда добуш берүү күнү Өкмөт үйүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштейт.

Добуш берүү күнү шайлоочулар электр жарыгынын, интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан беткап режиминин, санитардык ченемдерди сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКнын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM