Биз менен байланышыңыз

4-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 201 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 4-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым тоолуу райондорунда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болушу күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +0…+5, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +11…+16;

Таласта түнкүсүн +0…+5, күндүз +15…+20;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +19…+21 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM