Биз менен байланышыңыз

Президент Венгрияга болгон сапарынын натыйжалары тууралуу айтты

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 361 | 0

Кыргызстандын Венгрияга жасаган сапары өлкөгө жемиштүү болгон. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 1-радиого берген маегинде айтты.

Венгрияда болгон расмий иш сапарда, премьер-министр Виктор Орбан менен, президент менен, Улуттук жыйындын төрагасы менен жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонгонун айтты.

Венгрия парламенттик системада иштейт. Ал жерде мамлекеттин башында премьер-министр турат. Ал киши менен барган күнү бейформал жолугушууда президент экөө 2,5 саат сүйлөшкөн.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында түзүлгөн келишимдер:

1) билим берүү тармагы боюнча кыргыз студенттер үчүн бюджеттик орундар 75тен 150гө чейин көбөйтүлдү.

2) Көптөн бери Европа жана башка ар кандай мамлекеттер менен инвестиция тартуу аракети болуп келген.

Азыр Венгрия менен инвестициялык фонд түзүлдү. 50 миллион доллар — бул 4 миллиард сомго жакын каражат. Биз бул каражатты эки мамлекеттин ортосунда биргелешкен ишканаларды түзүп, ошолор аркылуу экономикага каражат салып, кайра иштетүү, өнөр жай ишканаларын куруу, эң негизгиси, өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды экспортко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

-Мени кубандырганы — биздин ишкерлерге Венгрия аркылуу Европа Биримдигине кирген мамлекеттерге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Экинчи жагынан, алдыңкы технология Европада да. Ал Венгрияда да бар. Ошол эң алдыңкы технологияларды биздин ар кандай тармактарга алып келип, иштетсек болот. Мына ушул маселе чечилди.

Үчүнчү, Венгриянын премьер-министри Орбан өзү абдан жакшы демилге кылды. Биз эки боордош, жакын мамлекетпиз, тарых боюнча да абдан сүйлөштүк. Биз венгер туугандар менен чыныгы тууганчылыгыбызды, мындайча айтканда, бекемдеп келдик.

Ушул байланышты бекемдеш үчүн, Будапешт-Бишкек түз авиа байланышын ачуу, буйруса, чечилди,- дейт Жээнбеков.

Андан сырткары, Венгрия банкынын филиалын ачуу боюнча маселе сунушталганын кошумчалады.

Венгрия аркылуу Европадан инвестиция тартканга, бүт тармактарга технологияны алып келгенге, кайрадан өндүрүлгөн продукциябызды сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлүп калуу ыктымалдуулугун айтты президент.

Эң негизги чоң нерсе катары — премьер-министр Орбан менен Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганын белгилейт.

Ошондой эле ал венгер элинин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду урматтап, сыйлап турганын да айтып өттү.

-Будапештте сейил бакты ачып жатканда шаардын мэри, Премьер-министр, Президент, спикер менен жолукканда дагы алар Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын айтып жатышты.

Венгрияда мектепте, жогорку окуу жайларында атайын программалар киргизилип, чыгармаларын окуткан экен. Жакшы билишет экен. Жалпы жетекчилиги, эли аны урматтап, сыйлайт экен.

Биздин атактуу жазуучунун атын чоң сейил бакка коюшту. Биздин ал жактагы студенттер катышты. Шаардын мэри катышты, ал абдан жылуу сөздөрүн айтты. Бизге да абдан жагымдуу болду,- деди Жээнбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM