Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргыздар карыяларын урматтаган эл

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 787 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда кыргызстандыктарды улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Өлкө башчы кыргыздар кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан эл экенин айтып, мындан ары да калктын ушул нускалуу каада-салтын бекем сактоого милдеттүүбүз деди.

«Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт. Көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болууда», -деди Жээнбеков.

Президент карыяларга элдин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатышканы үчүн ыраазылык билдирди.

Улгайган адамдардын эл аралык күнү жылыга 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы адамдардан улуулардын саны 1950-жылы туулган, согуш маалындагы муунга салыштырмалуу  көп сандагы адамдардын пенсия курагына өткөндүгүнүн эсебинен жылына көбөйүп бара жатат. Акыркы беш жыл ичинде эле ушул курактагылардын саны республика боюнча жалпысынан 100 миңге, же 24 пайызга көбөйдү.

2020-жылдын башында Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу курактагы 526 миң адам же өлкөнүн ар бир сегизинчи жашоочусу болгон. Эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу  курактагы эркектердин (63 жаш жана андан улуулар) саны 158 миңди түзөт, аялдардын саны (58 жаштагылар жана андан улуулар) 368 миңге жакын адамды түзөт.

Ошол эле учурда ушул курактагы аялдардын саны эркектердикине караганда 209 миң адамга көп.

Copyright © 2017 Maral FM