Биз менен байланышыңыз

Баткендеги жугуштуу оорулар ооруканасы оңдолуп бүттү

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 413 | 0

Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты оңдолуп бүттү. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов облустук жугуштуу оорулар ооруканасынан кабар алды.

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары учурда толук аяктады.

Оорукананын жылытуу системасы, канализация жана суу линиялары жаңыланып, оорукана керебеттер, төшөнчүлөр менен камсыздалып, керектүү медициналык жабдуулардын алгачкы тобу келип түштү.

Оорукананын жандандыруу бөлүмү 9 бейтапка ыңгайлашкан. Ар бир бөлмө кычкылтек концентратору менен камсыздалууда. Ошондой эле жакынкы күндөрү борборлоштурулган кычкылтек концентратору орнотулат.

Ооруканада 78 медициналык кызматкердин иштөөсү белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM