Биз менен байланышыңыз

Ильхам Алиев: Армяндардын cоккусунан 10 азербайжан каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 473 | 1

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабакта  чыр-чатак башталгандан бери армяндардын аткылоосунан 10 карапайым адам курман болгонун билдирди.

«Акыркы эки күндүн ичинде, айрыкча карапайым тургундар арасында жоготуулар болду. Тилекке каршы, каза болгон карапайым жарандардын саны көбөйүп жатат. Он адам, анын ичинде бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү, анын ичинде эки бала курман болду», — деди президент.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин жана Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 27-сентябрдан бери 30 жай тургун жаракат алды.

Эске сала кетсек, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы аскердик кагылышуу 27-сентябрда башталган.

Эки тарап тең бири-бирин жерден жана абадан уруп жатышат. Эки мамлекетте тең аскердик абал жарыяланган.

1 пикир

1 пикир

  1. Тони монтано

    29.09.2020 18:27

    Армяндарды вообще жок кылыш керек,каны бузук эл

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM