Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Байден бүгүн дебаттан жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 278 | 0

Бүгүн, 29-сентябрда Огайо штатындагы Кливленд шаарында АКШ президенттигине талапкерлер учурдагы лидер Дональд Трамп жана анын атаандашы Жо Байдендин биринчи дебаты өтөт.

Бир жарым саат бою талапкерлер алты негизги теманы талкуулашы керек. Анын ичинде коронавируска байланыштуу кырдаал, экономика, добуш берүүнүн коопсуздугу жана Америка шаарларындагы нааразычылык акциялары.

Буга чейин Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден Трамп ички жана тышкы саясатты терең түшүнбөй турганын жана дебаттарда жеке чабуулдарга барарын айткан.

Трамп өз кезегинде атаандашын дебат алдында мыйзамсыз баңги заттардын бар-жогун текшерүүдөн өтүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM