Биз менен байланышыңыз

Түрк Кеңеши Азербайжандын аймагынан армян аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 276 | 0

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Тоолуу Карабакта кырдаалдын курчушу боюнча билдирүү таратты.

«Багдад Амреев Азербайжандын оккупацияланган аймактарындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет.

Түрк Кеңеши эл аралык укуктун ченемдерине жана принциптерине берилгендигин дагы бир жолу ырастайт жана Тоолуу Карабак жаңжалын Азербайжандын эгемендигинин, аймактык бүтүндүгүнүн жана эл аралык таанылган чек араларынын кол тийбестигинин чегинде чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Ушуга байланыштуу, Түрк Кеңеши БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1993-жылы кабыл алган резолюциясында Армения Азербайжандын оккупацияланган аймактарын кайтарып бериши жана куралдуу күчтөрүн ушул аймактардан чыгарып кетиши керектиги белгиленгенин эске салды.

Башкы катчы Азербайжан элине куралдуу кагылышуу учурунда адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты жана жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалады», — деп билдирет SalamNews.

Эске сала кетсек, 27-сентябрда эртең менен Тоолуу Карабакта Армения менен Азербайжандын ортосундагы аскердик жаңжал күч алган. Эки мамлекетте тең аскердик абал жарыяланган.

Ошол эле күнү Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кырдаалга комментарий берди. Түркия менен Афганистан жаңжалда Азербайжанды колдой тургандыгын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM