Биз менен байланышыңыз

Japan Airlines «ladies and gentlemen» деген сөздү колдонууну токтотот

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 279 | 0

Япониянын ири авиакомпаниясы — Japan Airlines (JA) кардарларды тейлөө саясатына өзгөртүү киргизилгенин жарыялады. Өзгөртүүлөр ушул жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Sora News 24 гезити билдирди.

Маалым болгондой, Japan Airlines авиакомпаниясы учак экипаждарына жана аэропорттун кызматкерлерине кардарларга кайрылуу учурунда англисче «ladies and gentlemen» («айымдар жана мырзалар») деген сөз айкашын колдонууга тыюу салат.

JA мындай өзгөртүү сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү ыңгайсыз болбошу үчүн жасалып жатканы менен  түшүндүрдү.

«Айымдар жана мырзалар» сөзү «баары» деген сөзгө алмаштырылат.

«Маселен, стюардессалар «бардыгыңыздарга салам» же «көңүл бургула, бардык жүргүнчүлөргө…» деп айтышат», — деп түшүндүрүштү компания өкүлдөрү.

Жапон тили өзгөрүлбөйт, анткени буга чейин гендердик нейтралдуу терминдер колдонулган: okyaku-sama -«кардарлар», mina-sama — «баары», ryokaku no mina-sama — «баардык жүргүнчүлөр» дегенди билдирет.

Япониянын ири авиакомпаниясы Rival All Nippon Airways дагы кардарлардын пикирлеринин негизинде ушундай өзгөртүүнү кароону пландаштырууда.

Авиакомпаниянын кызматкери учуу учурунда кайсы жүргүнчүлөрдү учактын бортунда эң баалуу деп эсептесе болору жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, бул өзгөчө кырдаалда стюардессаларга жардам бере турган саякатчылар.

2014-жылдан тартып, JA кардарлар үчүн жынысына, жашына, улутуна, динине, майыптыгына жана сексуалдык ориентирине карабастан ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу  менен алектенип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM