Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолун» сатуу жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 26 Сен 2020 | 473 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын орусиялык тарапка сатуу жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт аталган маалымат чындыкка жатпастыгын, ойлонулуп табылгандыгын жана эч кандай негизге ээ эмес экендигин белгилейт.

«Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү маселеси каралган эмес жана каралбайт дагы. Экинчиден, «Кыргыз Республикасында темир жол транспортун 2025-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы» иштелип чыккан, анда ички жана эл аралык жаңы темир жолдорун куруу каралган, бул өлкөбүздүн экономикалык абалына жана өнүгүүсүнө олуттуу таасирин берет. Ишкананы сатуу тууралуу жаңылык калп жана чындыкка дал келбейт. Мындай маалыматтарды таркатуу айрым саясий күчтөргө пайда алып келиши мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

«Кыргыз темир жолу» аталган маалыматка юридикалык баа берүү максатында сотко берүү үчүн документтерди даярдоодо.

Белгилей кетсек, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында «Кыргыз темир жолу» ишканасын орусиялык тарапка сатуу жөнүндө маалымат таркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM