Биз менен байланышыңыз

Президент: Карантин киргизүү менен маселе чечилбейт

Кыска кабар | 26 Сен 2020 | 544 | 0

«Карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт да.» Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, «Биринчи радиого» берген маегине билдирди.

Анын айтымында, март жана апрель айларында киргизилген карантин натыйжасын берди.

«Бирок карантинди кое бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь айында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду, аны көрдүк да», — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы белгилегендей, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керек жана жоопкерчилик менен мамиле кылыш зарыл. Ошондо карантиндик режим сакталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM