Биз менен байланышыңыз

USAID Кыргызстандын мектептерине 300 миңге жакын китеп берди

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 650 | 0

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын мектептерине жана китепканаларына 285 миң китеп тапшырды. Расмий азем бүгүн К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алар — башталгыч класстын окуучуларына арналган, кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан 45 жаңы жана адаптацияланган китептер.

Эмгектер аңгемелерди, жомокторду, ырларды, табышмактарды жана башталгыч мектеп курагындагы жаш балдарга арналган кызыктуу чыгармаларды камтыйт. Кыргызстанда жашаган балдардын талаптарына туура келүүсүн эске алуу менен жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлордун кызматташтыгында иштелип чыккан.

USAID Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге “Окуу керемет!” аттуу жаңы долбоорду баштап жатат. Беш жылдык демилге окуучулардын математикалык көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы бюджети дээрлик 19 млн доллар.

«Окуу керемет!» долбоору өлкөдөгү 1,6 миңден ашуун мектепте, 18 миңден ашуун мугалимдин кесиптик чеберчилигинин жогорулашын колдойт. Анын алкагында USAID Кыргызстанда 1,5 миң жаңы китеп иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM