Биз менен байланышыңыз

Европа Биримдигинин саммити 1-октябрга жылдырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 530 | 0

Европа Биримдигинин лидерлеринин катышуусунда бейшемби күнү ачылышы керек болгон эки күндүк саммит күзөтчүлөрдүн бири коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Эми саммит 1-октябрда башталат.

Европа Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель өзүн карантинге алууга аргасыз болду, анткени аптанын башында ал оорулуу сакчы менен тыгыз байланышта болгон.

Анын тестинин жыйынтыгы терс болгонуна карабастан, Бельгиянын мыйзамдары анын карантинде калышын талап кылат.

Саммиттин катышуучулары талкуулоочу эң маанилүү маселелердин катарына Беларусиянын бийлигине каршы санкциялар, ошондой эле Жер Ортолук деңизинин чыгышындагы мунай кенин иштетүү укугу боюнча Греция менен Түркиянын ортосундагы тирешүү кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM