Биз менен байланышыңыз

Мырсалиева талапкер аялдарды эл алдындагы ачык дебатка чакырды

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 1170 | 0

Парламенттик шайлоого бараткан “Социал-демократтар” партиясынын талапкери Айжан Мырсалиева башка партиялардан аттанган талапкер аялдарды эл алдында ачык, коомдук жайда сүйлөшүүгө чакырды.

Ал бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазып, «Ата Мекендин» талапкери Элвира Сурабалдиева, «Биримдиктен» Аида Касымалиева, «Мекеним Кыргызстандан» Элнура Алканова, «Республика» партиясынан Алтынай Өмүрбекова жана «Кыргызстан» партиясынан Наталья Кулматованы эл алдындагы дебатка чакырды.

Мен сиздерди жөнөкөй кыргызстандыктын жупуну жашоосу жөнүндө сүйлөшүүгө чакырам. Сиздерде чакырыгымды кабыл алууга, же баш тартууга 24 саат убактыңыздар бар, — деп айтылат кайрылууда.

Мырсалиева бул чакырууну кабыл алган талапкер айымдарды Бишкектин түштүк дарбазасындагы «Жеңиш» сейил багындагы монументтин алдынан күтөрүн айткан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партиядан 1912 талапкер ат салышууда. Мыйзамга ылайык, шайлоого катышкан жарандардын добушун 7 пайыздан жогору алган партия парламентке келет.

Приглашаю вас дамы, на дебаты!Aida Kasymalieva Эльвира Сурабалдиева Наталья Кулматова Эльнура Алканова Алтынай Омурбекова

Опубликовано Айжаной Мырсан Вторник, 22 сентября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM