Биз менен байланышыңыз

2020-жыл: Дүйнөлүк кинопрокаттын лидери белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 339 | 0

Кытайдын согушту чагылдырган «Сегиз жүз» (The Eight Hundred) тасмасы 2020-жылы дүйнөдөгү эң алдыңкы кинопрокаттын лидери аталды. Тасма жарыкка чыккандан бери 426 миллион доллар киреше тапты.

The Eight Hundred буга чейинки «Bad Boys for Life» тасмасынан ашып түштү. АКШ кинорежиссерлору 424 миллион доллар киреше тапкан. Фильм коронавируска чектөө киргизилгенге чейин көрсөтүлгөн.

Кытай тасмасы бир ай мурун, 21-августта гана көрсөтүлгөн.

Фильм чыныгы окуяларга негизделген жана 1937-жылы Шанхайдагы кампаны 4 күн бою жапон аскерлеринен баатырдык менен коргогон Кытайдын эскадрильясы жөнүндө баяндайт.

Тасманын бюджети 85 миллион долларды түзгөн.

Божомолдорго караганда, тасманын жалпы кассасы дагы көбөйүшү мүмкүн. Эксперттер бул сумманы болжол менен 445 миллион долларга баалашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM