Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Кыргызстан аба каттамдарынын санын көбөйтөт

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 586 | 0

Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отуруму өттү. Анда эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды.

Отурумдан кийинки маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, Орусия менен аба каттамдарынын санын көбөйтүү маселеси сүйлөшүлдү.

Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук, эпидемиологиялык кырдаал турукташканына жараша аба каттамдардын санын көбөйтүүгө болорун билдирди.

Кыргызстандын аэропортторунан кайсы шаарларга учса болот?

21-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу аба каттамдары жанданды. Алгачкы этапта Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча каттам жумасына бир жолу ишке ашырылат. Кыргызстан тараптан каттамдар «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан жума күндөрү учат.

Орусияга баруучу кыргызстандыктар коронавируска каршы тапшырган тестинин терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалымкат көрсөтүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM