Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды 15-августтан бери издеп жатышат

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 434 | 0

Аламүдүн районунда “Теплые ключи” эс алуу жайында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 1994-жылы туулган кыз 15-август күнү сууга түшүп кеткен.

21-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 22 куткаруучу тартылган. Кечки саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 22-сентябрда издөө улантылат.

Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында  7 жаштагы Н. Б. аттуу бала Чу дарыясына чөгүп кеткен.

21-сентябрь күнү ӨКМден 3 куткаруучу  тартылып, саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 22-сентябрда улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM