Аламүдүн районунда “Теплые ключи” эс алуу жайында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 1994-жылы туулган кыз 15-август күнү сууга түшүп кеткен.
21-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 22 куткаруучу тартылган. Кечки саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 22-сентябрда издөө улантылат.
Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында 7 жаштагы Н. Б. аттуу бала Чу дарыясына чөгүп кеткен.
21-сентябрь күнү ӨКМден 3 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 22-сентябрда улантылат.