Биз менен байланышыңыз

Коомдук уюмдар өлкөнү таштандыдан арылтууга ынтызар

Коом , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 653 | 0

Кыргызстанда 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жалпы өлкө боюнча ишембилик өтөт. Бул саамалыкты үч жылдан бери коомдук уюмдар өткөрүп келет.

Тазалыкты европалыктарга мусулмандар үйрөткөн

Тазалык – бул ыймандан. Тазалык – аң сезим, тарбиядан да көз каранды. Ошол себептен өлкөдө канча ишембиликтер өтүп келсе да, Кыргызстан таштандыдан арылбай келет.

2008-жылы Эстонияда 50 адамдан турган кыймыл демилге көтөрүп, эки саат убакытта тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк алардын катары кеңейип, тазалыкка маани бергендер көбөйгөн. 10 жыл аралыгында бул ыктыярчылар, коомдук уюмдар эстондуктардын аң-сезимин өзгөртүп, таштанды ыргыткандар азайган.

Кыргызстан бул акцияга 3 жылдан бери катышып келет. “Эко деми” коомдук уюмунун жетекчиси Венера Мамбетмусаева, бул аралыкта кандай жыйынтык болгонун айтып берди:

-Бизде жакшы натыйжалар байкалып жатат. Мисалы, Бишкектин борбордук аянтында Жаңы жыл майрамынан кийин 10 тоннадай таштанды чыгарылып келсе, былтыр 2 тоннадай эле чыкты. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери да айтып жатат, эл артынан акыр-чикирин тазалап калды. Ысык-Көлдө топтолгон таштандыны жаштар өздөрү кайра иштетүүгө аракет кылып жатышат, себеби аны ташып келүү  — көйгөй. Жайкысын көп адамдар чалып, «мен ушунча көлөмдө пластик таштандыларды чогултуп койдум, кайсы жакка алып барсам болот» деп сурашат. Башкача айтканда, биз демилге көтөрүп, өтө кир болгон жерлерди тазалай баштагандан бери катарыбыз кеңейди. Бирок таштандыны кайра иштетүү же ташуу — чоң маселе болуп жатат. 

Ар кайсы аймактардан таштандыларды чогулткандар аны үч түргө бөлүшөт. Бирок өлкөдө таштандыны кайра иштетүү акча алып келерин түшүнө баштаганыбыз менен тийиштүү технология жок. Мамлекет бул тармакка олуттуу көңүл бөлө элек.

Ысык-Көлдүн аймагынан башталган тазалоо иштери Бишкектин чет жактарында, эл эс алууга барган жерлерде, туристтер келген аймактарда, ошондой эле Нарын облусунда да активдүү жүрүп жатат. Акцияны уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк тазалык акциясында элдин көп катышуусу боюнча эки жылдан бери лидерлик кылып жатат.

«Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнованын айтымында, былтыркы акцияга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да катышкан. Быйыл аткаминерлер тарабынан кызыгуу аз.

-Былтыркы тазалык акциясына президент катышып, бизге көп эле жеңилдик болгон. Быйыл аткаминерлер тарабынан катышууга кызыккандар аз болуп жатат. Бул шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн. Ал эми саясий партияларга айтып, ишибизди саясатташтыргыбыз келген жок. Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү телефон чалып, тазалык акциясына катышууну каалагандар болууда, алар өз аймактарын акыр-чикирден тазалап алалы деп жатса керек.

Кыргызстанды акыр-чикирден арылтуу аракети дагы бир долбоор аркылуу жүргүзүлөт. Мисалы, «Тазалык сааты» деген долбоордун алкагында ар жума сайын 200дөй ыктыярчы чыгып тазалайт. Долбоордун координатору Айсалкын Турмаматова, таза болуу, таштанды ыргытпаш керек деген түшүнүктү сиңдирүү үчүн ар бир ата-эне баласына өзү үлгү болушу керек деп эсептейт. Кыргызстанда элдин аң сезимине бул ойду сиңирүүгө 4-5 жыл убакыт кетиши мүмкүн. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде түшүндүрүү, маалымат жеткирүү зарыл.

-Тазалыкка маани берген адам эч качан таштанды ыргытпайт. Бул адат үй-бүлөсүнө, бала-чакасына, чөйрөсүндөгү адамдарга да таасир этет. Ошондуктан ата-энелер балдарыбызга айтып эмес, аракетибиз менен үлгү бололу. Ата-бабаларыбыз бизге өтө кооз жерлерди калтырып кетти, биз аны сактап, дагы өнүктүрүшүбүз керек. Жогоруда Эстония таштандыдан арылуу үчүн 10 жыл убакыт сарптаганы айтылды, менин оюмча, Кыргызстанга андан да аз убакыт керек. Элдин аң-сезимин өзгөртүү үчүн ишмебиликтерди өткөрүү менен катар эле мамлекеттик деңгээлде маалымат кампаниясын жүргүзүү шарт. Биз азыр коомдук уюмдар, ыктыярчылар эле аракет кылып, аз да болсо өлкө тазалансын деп жүрөбүз. Кээ бир маселелерде мамлекеттин жардамы керек экен. 

180 өлкө катышкан ишембилик Кыргызстанда 19-сентябрь күнү эртең мененки саат 09:00дөн түшкү 12:00гө чейин уланат.

2019-жылы жалпы ишембиликке 624 миң адам катышкан. Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышары күтүлүүдө. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.

Уюштуруучулар «Тазалык» акциясына бардык жарандарды чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM