Биз менен байланышыңыз

Эң көбү Баткенде. Бир суткада коронавирус менен 91 адам катталды

Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 677 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 91 жаңы учуру катталып, эң көп учур Баткен облусунан чыкты:

— Бишкек шаары — 7;
— Ош — 3;
— Чүй облусу – 11;
— Ош облусу — 15;
— Талас облусу — 3;
— Нарын облусу — 2;
— Ысык-Көл облусу – 15;
— Жалал-Абад облусу – 15;
— Баткен облусу — 20.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 45 миң 244кө жетти.

Учурда ооруканаларда 547 бейтап дарыланып жатат. Үй шартындагы дарыланууда 1772 адам бар. Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын экөө — Баткен облусунан, бирөө — Жалал-Абад облусунан.

Ал эми ооруканалардан 4 медкызматкер чыгарылып, үй карантининде дарыланып жаткан 17 медкызматкер да айыкты.

COVID-19 илдети 3188 медициналык кызматкерге жуккан, анын 2760ы айыгып чыкты.
COVID-19 илдетинен жалпы 41 миң 415 бейтап сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM