Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн өрт коопсуздугу дагы деле коркунучта. Өрт өчүрүү кызматы тиешелүү техника жана жабдыктар менен камсыз болгон эмес. Бирок, 15-кабатка чейинки тилсиз жоону өчүрүүгө кудурети жетет.
Кечээ, 16-сентябрда болжол менен саат 22:20 чамасында “Жал” кичи районундагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Ал электр техникаларынын себебинен болгонун Өрт өчүрүү жана анын алдын алуу кызматы билдирди.
Мекеменин билдиришинче, Тыналиев көчөсүндө жайгашкан имараттын 400 чарчы метр аянтындагы курулуш материалдары күйүп, андан жабыркаган жарандар болгон жок.
— 2020-жылдын 16-сентябрь күнү түнкү саат 22:23 чамасында “Жал” кичи районунун Тыналиев көчөсүндөгү №3\3 дарегинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын штабы, анан 4 атайын бөлүм тартылган. Тез жардам кызматынан бир унаа, ички иштер кызматкерлери дагы кырсык болгон жерге чакырылган. Жыйынтыгында саат 23:52 чамасында өрт чектөөгө алынып, 00:13 мүнөттө толугу менен өчүрүлгөн, — деп ӨКМдин маалымат кызматынын офицери Абдыраимова Элзат “Маралга” билдирди.
Абдыраимова өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгы жана канча чыгымга учурагандыгы тууралуу тактоолор жүрүп жатканын кошумчалады.
Быйыл Кыргызстанда былтыркыга салыштырмалуу өрт кырсыгы 40 пайызга азайган. Анын башкы себеби катары өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров пандемия шартында жарандардын үйүндө олтуруп, баарын көзөмөлдөп турганын айткан.
Бирок кыргызстандыктар өрт өчүрүүчүлөрдүн техникасы жетишсиздигин жана болгондорунун эскилиги жеткендигин айтып келишет.
Андан сырткары, Өрт өчүрүү кызматынын жабдуулары көп кабаттуу үйлөрдүн 15-кабатына чейин гана көтөрүлө алат. Ошондой эле ал кабатка чейинки батирлерде калып калган жабырлануучуларды куткарып калууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу ӨКМдин Өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Аман Курманалиев билдирди.
Курманалиевдин айтымында, көп кабаттуу үйлөр көп салынып жатканы менен анын өрт коопсуздугу боюнча маселеси толук чечиле элек.
— Биздин министрликтин карамагындагы өрт өчүрүүчү техникаларыбыздын бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок куткаруу иштери боюнча айрым кемчиликтери, жетишпегендиктери дагы бар экенин айтышыбыз керек. Мына, азыр Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20 кабаттуу, андан бийик үйлөр курулуп атат. А бирок бизде Бишкек шаарында гана бир техникабыз бар. Ал да болгону 14-15-кабатка чейин гана жетет, — дейт Курманалиев.
Деген менен өрт өчүрүү кызматы 15-кабаттан жогоркуларынын дагы коопсуздугун карайт. Алар үчүн атайын сигнализациялар, өрткө каршы алгачкы чара көрүүчү атайын жабдуулар орнотулат:
— 15-кабаттан жогору каралбай калат деп ойлобош керек. Ал жакта талапка жооп бере турган жабдуулардын бардыгы бар. Болгону, ошол кабаттан жогору жакта калып калган жарандарды куткарып калуу бир аз маселе жаратат.
Көп кабаттуу үйлөрдө атайын сигнализациялар орнотулуп, өрт өчүрүү кызматкерлери сууну 1-кабаттан керектүү кабатка жеткирүү үчүн туташтырууга ыңгайлаштырылып түтүктөр коюлат. Андай ыкма менен ар бир кабатка өрткө каршы колдонулуучу шаймандар орнотулуп, атайын кызматкерлер үчүн шлангдар коюлат.
Жаш ишкерлер ассосациясынын Курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов турак үйдүн долбоору чийилип жатканда өрт өчүрүү кызматынын техникалары кирүүгө мүмкүн болгондой кылып ыңгайлаштырарын билдирди. Андай болбосо, Мамлекеттик курулуш комитети уруксат бербейт.
Акматовдун айтымында, көп кабаттуу үйлөрдү курууда өрт коопсуздугу орчундуу деле маселе эмес. Эгерде 30-40 кабаттуу үй курулса, анда бир аз маселе болушу мүмкүн. Бирок ал маселе дагы жакында чечилиши мүмкүн экендигин билдирди.
— Курулушчулар бир объектти куруп баштагандан мурун анын долбоорун Мамлекеттик курулуш агенттигине көрсөтүп, алардын уруксатынын негизинде гана ишти баштайт. Эгерде өрт өчүрүүчү техникалары кире турган жол жок болсо, анда ал долбоор өтпөйт. Мен жакында бир жерден «Кытай бизге грант катары 100 өрт өчүрүүчү машиналарды берет» деп окуп калдым. Эгер ошолор келип калса, 30-40 кабаттуу үйлөрдү дагы курууга мүмкүн болот эле, — дейт Акматов.
Акматов ошондой эле башка мамлекеттердин курулуш объектилерин мисалга келтирип, аларда дагы өрт өчүрүү техникаларынын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин кошумчалады. Болгону курулуштун өзүнүн өрткө каршы чаралары болушу керектигин белгилеп өттү.
Быйыл Кыргызстанда 8 ай ичинде 1477 өрт кырсыгы катталып, андан 14 адам каза тапты. Бул былтыркыга салыштырмалуу 46 пайызга аз. 2019-жылы бул убакытта 2047 тилсиз жоо катталып, андан 33 адам көз жумган.