Биз менен байланышыңыз

Президент: Эки жылда коррупция менен күрөшүүдө позициябызды жакшырттык

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 593 | 0

Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүүдө акыркы эки жыл ичинде 135-орундан 126-орунга жылып, рейтингин 9 позицияга жакшыртты. Мындай маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында айтты.

Мамлекет башчы антикоррупциялык чараларды активдүү ишке ашыруу өлкөгө өзүнүн позициясын эл аралык антикоррупциялык рейтингдерде жакшыртууга мүмкүндүк бергенин белгилейт.

«Атап айтканда, коррупциялык иш жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартууга мөөнөтүнүн эскириши алып салынган.  Мыйзамсыз баюу үчүн жазык жоопкерчилиги каралган ченемдер практикада колдонула баштады. Кирешелеринин жана чыгашаларынын мыйзамдуулугу шектенүү жараткан кызмат адамдарына карата 18 сотко чейинки өндүрүш катталган. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тыюу салуулар жана чектөөлөр киргизилди.  Укук коргоо органдарынын жетекчилерине өздөрүнүн кызматкерлерин терс көрүнүштөр  боюнча жумуштан бошотуп, алардын коррупциялык кылмыштарды жасашына жол бербөө мүмкүнчүлүгү берилген.

«Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» жана «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамдар кабыл алынган. Тезинен кабыл алууга зарыл болгон мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Депутаттар айрымдарын кабыл алууга үлгүрүштү. Калгандарын жаңы парламент колдойт деп ишенем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин айтымында, Кыргызстан Борбордук Азияда биринчилерден болуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан салык декларацияларын электрондук түрдө берүүнү киргизди.

Декларациялардын бардык жыйынтык маалыматтары Салык кызматынын сайтында ачык жарыяланат.

Copyright © 2017 Maral FM