Биз менен байланышыңыз

Жумабековдун сүйүнчүсү боюнча дагы түшүндүрмө берилди

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 791 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Таласта жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчүнү төраганын фондунан берди. Мындай маалыматты парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда таратты.

Жогорку Кеңештин төрагасы, шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабеков 14-сентябрда Таласка иш сапары менен барган. Анда жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү берген. Бул акча алгач спикердин фондунан берилгени, кийин үй-бүлөсүнүн атынан берилгени айтылган. Бүгүн таратылган маалыматта сүйүнчү төраганын фондунан бөлүнгөнү кабарланды.

Ошондуктан бул окуя парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө тийиштиги жок”, — деп айтылат билдирүүдө.

Шайлоого аттанган талапкер жана парламенттин учурдагы төрагасы болгон Дастанбек Жумабековдун бул аракети коомчулукта катуу талкууга алынып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы жагдай иликтенерин билдирген. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова  Жумабеков кызматын пайдаланып, үгүт маалында берген сүйүнчү пул административдик ресурс болуп эсептелерин Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Таластын Кызыл-Адыр айылынын тургуну жаңы төрөлгөн уулуна Дастанбек Жумабековдун атын берген. Спикер Таласка жасаган иш сапары алкагында бул үй-бүлө менен таанышкан.

Төрага Жумабеков жаш үй-бүлөгө 50 миң сом сүйүнчү берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM