Биз менен байланышыңыз

Казакстан менен Орусияга товар ташыган унааларга текшерүү токтотулат

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 391 | 0

Кыргызстандан Казакстанга, Орусияга товар ташыган автоунаа каражаттарын текшерүү токтотулат. Эми машиненин жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба коюлуп, ошол аркылуу көзөмөлдөнөт.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, пилоттук долбоор 2020-жылдын 10-декабрына чейин жүрөт.

7 мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

Товар ташуучулар бул пилоттук долбоорго ыктыярдуу түрдө жана акысыз катыша алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM