Кыргызстандан Казакстанга, Орусияга товар ташыган автоунаа каражаттарын текшерүү токтотулат. Эми машиненин жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба коюлуп, ошол аркылуу көзөмөлдөнөт.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, пилоттук долбоор 2020-жылдын 10-декабрына чейин жүрөт.
7 мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Товар ташуучулар бул пилоттук долбоорго ыктыярдуу түрдө жана акысыз катыша алат.