Биз менен байланышыңыз

Быйыл 8 айда коррупциялык иштерден 13,6 млрд сом зыян келтирилген

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 496 | 0

2020-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13,6 млрд сомду түздү. Анын 5 млрд 827 млн сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Жээнбеков мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, өзүнүн кызмат ордун пайдаланып, мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын эскертти.

«Бул албетте, көп эмес. 13 млрд сомдун дээрлик жарымы кайтарыла элек. Бул багыттагы иштерди күчөтүү керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Коопсуздук Кеңешинин жыйында эки маселе — укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жаңы стратегиянын долбоору каралып жатат.

2018-жылдын февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен күрөш жарыяланган. Андан бери 3 жолу жыйын өткөрүлгөн. Президенттин пикиринде, коррупционерлерге каршы күрөш мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлин камтыды.

«Айрымдары ээлеген кызматтарынан бошотулган. Бир нече жогорку деңгээлдеги чиновниктер тийиштүү жоопкерчиликке, анын ичинде катуу кылмыш жазаларына тартылды. Көптөгөн коррупциялык схемалар ачылды, мамлекеттик сатып алууларда, фискалдык, сот, укук коргоо органдарында, лицензиялык-уруксат берүү ишмердигин ишке ашырган органдарда, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү башкаруу чөйрөсүндө коррупцияланган кылмыштуу бүтүндөй топтордун ишине бөгөт коюлду», — дейт президент.

Copyright © 2017 Maral FM