Кыргызстандык Дея Султанжанова Түркияда өтүп жаткан «Miss Aura International» аталышындагы сулуулар сынагына катышып жатат. Бул тууралуу аталган сынактын расмий баракчасына жарыяланды.
Сынак 13-сентябрда башталган. Ал эми сынактын жыйынтыгы 27-сентябрда белгилүү болот. Биринчи орун үчүн ар кайсыл өлкөдөн 28 кыз күч сынашууда.
Кыргызстандын атынан катышып жаткан Дея Султанжанова 18 жашта. Ал былтыр «Мисс Кыргызстан» сынагына Чүй облусунун атынан катышкан.