Биз менен байланышыңыз

Баткенде коронавирус менен катталгандар көбөйүүдө

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 934 | 0

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 73 жаңы учуру катталды. Бишкек шаарында — 11 учур, Ош шаарында – 3, Чүй облусу – 5, Ош облусу — 14, Талас облусу — 3, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 9, Жалал-Абад облусу – 9, Баткен облусунда — 18 учур.

Коронавирустун жалпы катталган учурлары 45072ге жетти. Ооруканаларда 509 бейтап дарыланып жатат, үй шартында дарылоодо 1849 бейтап бар.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 107 адам:

-Бишкек – 47
-Ош шаары – 1
-Чүй облусу – 4
-Ош облусу – 4
-Талас облусу – 6
-Ысык-Көл облусу – 5
-Жалал-Абад облусу – 14
-Баткен облусу – 26 киши сакайды.

Өлкөдө коронавирустан жалпы 41 миң 210 киши сакайды.

16-сентябрга карата 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын баары Баткен облусунда катталды.  Ал эми ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 13 медкызматкер айыгып чыгарылган.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3181 учур катталды, анын 2729у айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM