Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 929 | 0

1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов кабарлады.

Пенсиянын базалык бөлүгүн 100 сомго индексациялоо каралууда. 261,8 миң пенсионерге, башкача айтканда, пенсионерлердин жалпы санынын 38 % үчүн жогорулатылат.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө токтом менен төмөнкүлөр каралган:

— 2020-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентин 1,07 өлчөмүндө бекитүү;

— пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,07 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 360 сомдон кем эмес индексациялоону жүргүзүү.

Индексациялоонун жыйынтыгы менен пенсиялардын өлчөмдөрү орточо эсеп менен 107 пайызга өсөт. Натыйжада, өлчөмү 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде – 300 сомго, ал эми өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар эң аз дегенде 360 сомго жогорулатылат.

Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 397 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6061 сомду түзөт.

689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого – 827,8 миллион сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө – 75,2 миллион сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752,6 миллион сом кошумча керектелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM