Биз менен байланышыңыз

Калктын 22% кедей жашайт. Кыргызстан тууралуу 17 факты

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 623 | 0
Сүрөт Zafer Dincer

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын калкы, жашоосу тууралуу 17 кызыктуу фактыны жарыялады. (2018-жылга алынган маалыматтар)

  • 2018-жылы Кыргызстандын калкынын саны 6,4 млн адамды түзүп, анын 2,2 млн адамы шаарларда жашап келген.
  • Кыргызстандын аймагында 10 жаратылыш коругу жана 13 мамлекеттик жаратылыш сейил бак бар, алар өлкөнүн жалпы аянтынынн 1,3 млн гектарын же болбосо 7,4% түзөт.
  • Калктын 22% же 1,4 млн адам кедей жашайт.
  • Миңдин ичинен ар бир сегизинчи бала өтө кедейчилик шартында өмүр сүрөт.
  • Калктын 17% пенсия жана жөлөк пул түрүндөгү социалдык колдоо көрсөтүлөт.
  • Курагы 5 жашка чейинки ар бир сегизинчи баланын бою өзүнүн жашына тиешелүү нормадан төмөн.
  • Республикада 13 миң дарыгер катталып (стоматологдорду эсепке албаганда), же миң адамга 2 дарыгер туура келген.
  • Күн сайын кургак учук менен калктын 14 адамы ооруйт.
  • Кан айлануу ооруларынан каза болгондор жалпы өлүмдүн жарымын түзгөн (жалпы каза болгондордун 51%).
  • 7-14 жаштагы балдардын ичинен 42% сабаттуулук жагынан, 49% жакыны — математика боюнча аксап келет.
  • Курагы 15 жаштан өйдө калктын 92% чөнтөк телефонго ээ.
  • Курагы 15-24 жашка чейинки жаштардын 20,5 пайызы иштебейт, окубайт же кесиптик жөндөмгө ээ эмес.
  • Калктын 70,8% расмий эмес секторлордо иштейт.
  • Бир жылда бир адамга орточо эсеп менен 171,4 кг таштанды туура келет.
  • Курагы 5 жашка чейинки балдардын 99% төрөлгөндүгү тууралуу мамлекеттик органдарга катталган.
  • Зордук менен никеге турууга, никеге туруу максатында ала качуу, жашы жете электер менен никеге туруу жана көп аялдуулук боюнча психологиялык-социалдык жардам көрсөткөн кризистик борборлорго 340 кайрылуу түшкөн.
  • Үй жумушуна аял эркекке караганда 3 эсе көп убакыт сарптайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM