Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 15 млрд 109 млн куб метрге жетти

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 287 | 0

15-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 109 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 307 куб метрге жетүүдө.

14-сентябрда суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 101 млн куб метр болчу. Өткөн жумада 15 млрд 79 млн куб метрди түзүп турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM