Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Борбордук мечит оңдолуп жатат

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 473 | 0

Бишкек шаарындагы Борбордук мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиевдин айтымында, мечитти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү пландалып жатат. Учурда мечиттин короосу иретке келтирилип, бөлмөлөр оңдолууда.

«Чындыгында элибизден айланып кетсе болот. Соопчулук издеп, мечиттин бир тарабын оңдоп-түзөп берейин деген бир туугандарыбыз чыгып жатат. Буюрса, кыш келип, суук түшкөнгө чейин мечиттин ичин жана айлана -чөйрөсүн бир сыйра капиталдык ремонттон өткөрүп алууну көздөп жатабыз»- деди Замир кары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM