Биз менен байланышыңыз

«Барселона» YouTube каналында 10 млн катталуучусу бар биринчи клуб аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 371 | 0

«Барселона» эң көп катталуучусу бар спорт клубу болгонун YouTube каналына жарыялады.

Клубдун сайтында маалымдалгандай, каталониялык команданын расмий видео хостинг тармагы 10 миллион жазылуучусу бар биринчи футболдук клуб болуп калды.

Спорт дүйнөсүндө эле МВАнын YouTube тармагына көбүрөөк катталуучулары бар — 14,8 млн.

Жакында YouTube «Барселонага» 10 миллион жазылуучусу бар Diamond Creator Award атайын сыйлыгын тапшырары маалымдалды. Клубдагы видеолор ушул убакка чейин 65 миллион саат көрүлдү.

«Барселонанын»  катталуучуларынын көбү — АКШ, Испания, Бразилия, Индонезия жана Мексикадагы күйөрмандар.

Төмөндө Ютубда эң көп жазылуучусу бар 10 клуб:

«Барселона» — 10 млн
«Реал» — 5.92 млн
«Фламенго» — 5.55 млн
«Ливерпуль» — 4.98 млн
«Манчестер Юнайтед» — 3.21
«Ювентус» — 2.88
«Манчестер Сити» — 2.72
«ПСЖ» — 2.56 млн
«Челси» — 2.1 млн
«Арсенал» — 1,96 млн.

Белгилей кетсек, 10 жыл мурун «Барселонанын» видео тармагына жазылуучулардын саны 100 миңден аз болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM