Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстандын» арызын кароо 9-сентябрга жылдырылды

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 8 Сен 2020 | 685 | 0

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы берген арызын 7-сентябрь күнү караган. Бирок БШКнын өкүлдөрү партия талап кылган көрсөтмөлөрдү бере албагандыктан отурум 9-сентябрга жылдырылды.

Отурум аяктагандан кийин партия лидери Адахан Мадумаров сыртта чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып сөз сүйлөп, анда БШКнын юристи, өкүлдөрү сабатсыз, ишин так билбегендигин айтып, сынга алды. Ал эми судьяга эч кандай нааразычылыгы жоктугун айтты.

Судья Эгембердиевага эч кандай нааразычылыгыбыз жок, абдан маданияттуу жана сабаттуулугун көрсөтүп ишти алып барып жатат. Ал эми БШК жиберген жаштар —  сабатсыз. Эми биз бүрсүгүнү саат 10:00гө чейин тарап кетсек жакшы болот, — деп кайрылды Мадумаров.

Партия лидери ошону менен бирге соттук иш ушундай улана турган болсо, анда «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон четтетүүгө негиз жоктугун кошумчалады.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий каттоосунан 15 партия өттү. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясын съезд өткөрүүдө мыйзам бузган деген айып тагып, каттоодон баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM